Кыргызстан жашылча экспортун көбөйтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык,Пермь крайынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл башкармалыгы Кыргызстандан барган салмагы 20,7 тонна сабизди текшерип, сатууга уруксат берди.
Россия тараптын маалыматы боюнча өткөн жылдын ушул эле мезгилинде Пермь крайына Кыргызстандан мындай продукция жеткирилген эмес.
«Россельхознадзор» Пермь шаарындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институту менен бирге товарды коштогон документтерди текшерип, лабораториялык экспертизадан өткөрдү. Бул жүктү коштоочу фитосанитардык документтеринин жарактуулугу, анда эч кандай карантиндик микроорганизмдер жоктугу тастыкталды" — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча 2025-жылдын январь—декабрь айларында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү тармагынын продукциясынын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 2024-жылга караганда 22%га өсүп, 186,1 млрд сомду (же 2,13 млрд АКШ долларын) түзгөн.
2025-жылдын жыйынтыгында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы продукциясынын экспорту 33,0 млрд сомду (же 378,1 млн АКШ долларын) түздү. Анын ичинен өсүмдүк өндүрүмдөрүнүн экспорту 7,0 млрд сомго (же 80,7 млн АКШ долларына) жетти.
Жашылча продукциясын экспорттоодо сабиз маанилүү орунду ээлейт. 2025-жылы сабиздин жалпы экспорту 8 405 тоннаны түздү.
Негизги экспорттук багыттар төмөндөгү алты өлкө болду:
- Россия — 4 546 тонна
- Өзбекстан — 2 610 тонна
- Тажикстан — 849 тонна
- Монголия — 353 тонна
- Казакстан — 38 тонна
- Армения — 8 тонна
2026-жылдын башынан бери сабиздин экспорту 1 013 тоннаны түздү. Анын ичинен 902 тоннасы Россия Федерациясына, 111 тоннасы Казакстан Республикасына жөнөтүлгөн. Кыргызстан жашылча-жемишти Россияга, Казакстанга жана ЕАЭБ уюмуна мүчө башка өлкөлөргө экспорттойт.
Экспортко жөнөтүлгөн бардык продукциялар тиешелүү товардык жана фитосанитардык документтер менен коштолот. Алардын таризделиши жана көзөмөлү өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Министрлик айыл чарба өндүрүмүн экспорттоодо коштоочу жана фитосанитардык документтерди туура даярдоону эскертет.

