Орто-Токой ГЭСинин курулушу активдүү уланып, акыркы баскычка өтүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, негизги иштер дээрлик аяктап, станция ишке киргизүүгө даярдалып жатат. Бул этапта станциянын кубаттуулугун чыгаруу үчүн зарыл болгон кошумча инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Ошол эле учурда жер казуу жана тирөөчтөрдүн пайдубалдары үчүн котловандарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер ГЭСти энергосистемага ишенимдүү туташтыруу үчүн маанилүү этап болуп саналат.
Суу алуучу шахтанын монолиттик конструкцияларын бетон менен куюу, деривациялык туннелди казуу, генератордун № 1 статорун орнотуу үчүн кыстармаларын тактоо жана агрегаттын төмөнкү кайчылаштарын орнотуу боюнча иштер аяктады.
Учурда агып чыгуучу каналдын жээгин бекемдөө, техникалык суу менен камсыздоо системасынын түтүктөрүн, ошондой эле сууну тазалоо жана фильтрациялоо жабдууларын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Белгиленгендей, Орто-Токой ГЭСи быйылкы жылы ишке берилип, электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

