17:00
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Ошто төрт эм төрөгөн эне ымыркайлары менен үйүнө чыгарылды

Бүгүн, 23-март күнү Ош облустук төрөт үйүндө төрт эм төрөгөн эне ымыркайлары менен үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, эне-балдардан президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын мэринин орун басары Максуда Айдарбекова үй-бүлөнү куттуктап белектер берди, анын ичинде 100 миң сомдук акчалай сертификат тапшырылды.

Эскерте кетсек, үч кыз жана бир эркек бала 12-мартта төрөлүп, салмагы 1 миң 500 граммдан 1 миң 830 граммга чейин болгон. Дарыгерлер учурда эне менен ымыркайлардын абалын жакшы деп баалап, аларды үйлөрүнө чыгарууга уруксат беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар