14:18
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Ошто Ак-Буура дарыясын кеңири тазалоо иштери уланууда

Фото ӨКМнын басма сөз кызматы. Ошто Ак-Буура дарыясын кеңири тазалоо иштери уланууда

Ош шаарында Ак-Буура дарыясын кеңири масштабда тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев бүгүн, 23-мартта түштүк борборго болгон жумушчу сапарынын алкагында иштин жүрүшү менен таанышты. Министрлик тазалоо иштерине бардык зарыл ресурстарды жана атайын техникаларды бөлүп берди.

Натыйжада Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилүүдө.

Министр кызматкерлерге ишти ыкчам, сапаттуу жүргүзүүнү жана өз үйлөрүндөй мамиле жасап, жоопкерчилик менен иштөөнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар