Кыргыстандык компаниялар GACC (CIFER) системасына катталгандан кийин Кытайга тоңдурулган жемиштерди экспорттой алышат. Бул тууралуу Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы продукциядан айырмаланып, кошумча карантиндик уруксат талап кылынбайт.
Экспорттоого уруксат берилген продукциялардын катарына тоңдурулган кулпунай, малина, алча, алма, алмурут жана башка жемиштер кирет.
Кыргыз Республикасынан ишканаларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти эсептелет.
Ушуга байланыштуу министрлик ата мекендик ишканаларды каттоодон өтүү жана экспорттук жеткирүүлөрдү даярдоо иштерин активдештирүүгө чакырат.
Министрлик Кытай рыногуна чыгуу боюнча экспорттоочуларга мындан ары да консультациялык колдоо көрсөтөт.
Маалымдама
CIFER (GACC) системасы — бул Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан чет элдик азык-түлүк өндүрүүчүлөрүн каттоо үчүн иштетилген электрондук платформа. Бул товарлардын Кытай рыногуна кириши үчүн зарыл болуп саналат.

