11:08
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

«Кыргызкөмүр» күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштады

Өткөн жылы Кыргызстан боюнча беш көмүр кени ачылган. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» компаниясынын башкы директорунун орун басары Рустам Садыралиев «Биринчи радиодо» билдирди.

Анын айтымында, көмүр казууга болжол менен 30 лицензия берилген.

Рустам Садыралиев бул уруксаттар Министрлер Кабинетинин чечими менен берилээрин эске салды.

Баткен облусунда Сүлүктү 11-талаа жана Бешбурхан, Жалал-Абад облусунда Маркай, Нарын облусунда Торугарт жана Ош облусунда Кожо-Келең кендери табылган. Адистер бул жерлерден алынган катуу отундарды жогорку сапаттагы деп баалашат.

«Кыргызкөмүр» компаниясынын өкүлү билдиргендей, беш кендеги көмүрдүн жалпы запасы болжол менен 133 миллион тоннаны түзөт.

Ал ошондой эле 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыктар башталып калганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар