10:50
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Бүгүн Кыргызстанга Черногориянын тышкы иштер министри келет

23-24-мартта Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар пландаштырылган.

ТИМ
Фото ТИМ. Кыргызстанга Черногориянын тышкы иштер министри келет
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары эл аралык жана аймактык күн тартиби, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар