19:11
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка конкурс жарыяланды

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чыгармалар 20-марттан 20-майга чейин кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки акындар катыша алышат. Баш байге ээсине 200 миң сом акчалай сыйлык жана Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат. Ошондой эле башка номинация ээлери акчалай сыйлыктар, статуэтка жана атайын дипломдор берилет.

Финалдык турга өткөн катышуучулар Ысык-Көл жээгинде жыл сайын өтө турган Чыныбай Турсунбеков алтынчы поэзия фестивалынын алкагында сыйланышат.

Уюштуруучу — Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд.

Эң көп окулган жаңылыктар