15:32
USD 87.45
EUR 100.86
RUB 1.06

Кыргызстанга 9,5 миң куту тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасалды

«Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунда рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунда текшерүү учурунда унаанын сактоочу жайынан акциздик маркалары же коштоочу документтери жок 9 миң 500 куту Oris тамекиси табылган.

Бул факты боюнча материалдар жана алынган жүк укуктук баа берүү жана мыйзамга ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар