Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы — Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында бургулоо-жардыруу иштеринин акыркы этабы аяктады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жумуш 17-мартта Кочкор районунда жүргүзүлүп, темир жолдун 37-чакырымынан 43-чакырымына чейинки бөлүктөрүн камтыды. Долбоордун жүрүшүндө жалпысынан 100 жардыруу жүргүзүлдү, алардын биринчиси 2024-жылдын июль айында жасалган.
Бургулоо-жардыруу иштеринин бардык мезгилинде коопсуздук эрежелеринин талаптары катуу сакталды. Адамдардын же малдын жаракат алуусу, ошондой эле жакын жайгашкан имараттардын, анын ичинде турак үйлөрдүн бузулушу боюнча бир да учур катталган жок.
Белгиленген графикке ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу максатында иштер жүрүп жаткан учурда 37-чакырымдан 39-чакырымга чейинки жол тилкеси убактылуу жабылып турду.
Балыкчы — Кочкор темир жолунун жалпы узундугу 63,4 км түзөт. Учурда темир жолдун дээрлик бардык тилкесинде жердин алдыңкы төшөмү толугу менен бүттү. Учурда шпал, рельстерди орнотуу иштери улантылып, Кочкор темир жол бекетинин курулушу жүрүүдө.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана жергиликтүү тургундарга сабырдуулугу жана түшүнүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

