23:12
USD 87.45
EUR 100.67
RUB 1.07

Ош шаарында төрт эм жарыкка келди

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ымыркайлардын үчөө кыз, бирөө уул. Алардын салмагы: кыздардыкы — 1830, 1520 жана 1500 грамм, ал эми уулдуку — 1815 грамм болгон.

Араван районунун 26 жаштагы тургуну ооруканага кош бойлуулуктун 32-жумасында, мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу менен түшкөн. 12-март күнү дарыгерлер кесарево кесүү жолу менен төрөттү кабыл алышкан. Бул келиндин алгачкы төрөтү.

Оорукананын директору Атабек Жумалиевдин айтымында, учурда эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Аларды ооруканадан чыгаруу 23-мартка пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар