19:16
USD 87.45
EUR 100.67
RUB 1.07

«Акылман» президенттик лицейлери дагы эки шаарда ачылат

Жаңы окуу жылынан баштап, «Акылман» президенттик лицейлери Манас жана Талас шаарларында ачылат. Бул тууралуу мектептин окуу иштери боюнча директорунун орун басары Кубанычбек Нарынбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эки шаарда лицейлердин курулушу 60 пайызга аяктады. Алар 2026-2027-окуу жылында окуучуларды кабыл ала алышат.

Манас жана Таласта лицейлердин ачылышы жергиликтүү балдар ал жерде гана окуйт дегенди билдирбейт. Окуу жайдын эрежелерине ылайык, баланын үч лицейдин кайсынысына бараары жөнүндөгү чечимди жети аймактын балдары үчүн аралаш окутуу принцибине негизделген комитет кабыл алат.

Жаңы окуу жылында үч лицейдин ар бири алтынчы класска 72 окуучуну кабыл алууну пландап жатат. Ал эми Манас жана Талас шаарлары жетинчи класска ушунча окуучуну кабыл алуу каралган.

 Президенттин жарлыгы менен 2023-жылы Чолпон-Атада 264 окуучу окуган лицей ачылган. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Тамактануу күнүнө беш маал берилет жана жатакана акысыз.

Эң көп окулган жаңылыктар