14:50
USD 87.45
EUR 101.56
RUB 1.11

Чүй облусундагы 1000 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аракети менен Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз пайдаланылып келген 1076,2 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. . Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жер тилкеси кызмат тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйруктун негизинде мамлекетке кайтарылган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен пайдаланылып жатканы аныкталган. Натыйжада тиешелүү чаралар көрүлүп, жер тилкеси мамлекеттик баланска өткөрүлдү.

Тийиштүү кызматтар жер мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүүлөрдү мындан ары да уланта бермекчи.

Эң көп окулган жаңылыктар