20:54
USD 87.45
EUR 101.46
RUB 1.11

Арал-Казарман унаа жолундагы таштар тазаланууда

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Арал — Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында тоо бетинен түшкɵн таштарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдɵ. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан уланууда. Учурда бир тараптуу каттам бар.

Аба ырайынын кескин ɵзгɵрүшүнɵн улам Ош — Сары — Таш — Эркечтам автожолунун 103-чакырымында тоо бетинен чоң кɵлɵмдɵгү таштар кулаган. Жеринде техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүүдɵ.

Эң көп окулган жаңылыктар