Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы мекендештерди кайтаруу боюнча билдирүү жасап, Ата Мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик.
Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет.
Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам», — деп жазган президент.

