15:35
USD 87.45
EUR 103.22
RUB 1.14

Садыр Жапаров аткаминерлерди саясий оюндарга алаксыбай эл үчүн иштөөгө чакырды

«Ынтымак Ордодо» өтүп жаткан республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров бардык мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде эң алыскы айылдардын жетекчилери өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына ылайык иш алып барышы керектигин баса белгиледи.

«Ар бир бийлик органынын жана ар бир жетекчинин башкы милдети элге кызмат кылуу. Бир дагы түзүм саясий оюндар, кысым көрсөтүү же өз көз карашын таңуулоо үчүн түзүлгөн эмес», — деп билдирди мамлекет башчысы.

Ал кошумчалагандай, мурда саясий амбициялар мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук кылып, өнүгүүнү байлап, институттарды алсыраткан.

Президент эми аткаминерлердин ката кетирүүгө акысы жок экенин жана алар өзүнүн түздөн-түз милдеттерине гана көңүл бурушу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал жетекчилерден жумушка тууган-уруктарын албоону талап кылып, мындай аракеттер кызматтан бошотууга алып келерин эскертти.

Эң көп окулган жаңылыктар