Кыргызстанда өткөн айга карата 5 миң 547 бош иш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумушсуздуктун расмий деңгээли 1,3 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турса, анын ичинен 38,1 миңи жумушсуз деген расмий статуска ээ.
Эмгек рыногундагы суроо-талаптын түзүмү бүгүнкү күндө экономика кол өнөрчүлүк жана өндүрүштүк багытка оогонун көрсөтүүдө. Жалпы вакансиялардын ичинен 4 251 орун жумушчу адистиктерине туура келет.
Иш берүүчүлөр төмөнкү адистерди издешүүдө:
- тигүүчүлөр,
- айдоочулар,
- ашпозчулар,
- ширетүүчүлөр,
- курулуш профилиндеги адистер,
- IT-адистери
Ал эми тейлөө тармагында 1 296 бош орун бар. Бул багытта тарбиячылар, медициналык кызматкерлер, бухгалтерлер, администраторлор жана стажёрлор жетишсиз болууда.

