16:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жаңы министрлер кабинети жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартмакчы

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов JICA Туруктуу өкүлү Немото Наоюки менен жолугушту.

Эдил Байсалов Японияга эки өлкө ортосундагы кызматташтык алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иш күчөтүлөөрүн белгиледи.

Тараптар мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселесин талкуулады. Тактап айтканда, кеп Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасы (JDS) тууралуу жүрдү.

Байсалов белгилегендей, жаңы министрлер кабинети жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартууга умтулууда.

«Сиздерге белгилүү болгондой, реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күчтүү кадрлар керек. JDS програмасы боюнча билим алган мамлекеттик кызматкерлердин жумушчу орду гана сакталбастан, алар окуусун аяктаган соң карьералык өсүүсү камсыздалат. Биз аталган программа жана башка өнүктүрүү долбоорлору алкагында кызматташтыгыбызды күчтөндүрөбүз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума