Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт» депутаттык тобунун аталышы «Эл үмүтү — Ата-Журт» деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында аталган депутаттык топтун лидери Дастан Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, чечимди топтун мүчөлөрү кабыл алышкан.
Дастан Жумабеков ошондой эле депуаттык топко Таалайбек Сарыбашов кошулганын жарыялады.
Эми «Эл үмүтү — Ата-Журт» депутаттык тобунда 19 эл өкүлү бар.

