Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттык мандат алган Райимберди Дүйшенбиев жана Жайлообай Нышанов ант беришти.
Буга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия өзүнүн жыйынында бош турган парламенттик орундарды № 14 көп мандаттуу шайлоо округундагы Райимберди Дүйшенбиевге жана № 15 көп мандаттуу шайлоо округундагы Жайлообай Нышановго өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алып, депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылган.
Белгилей кетсек, Нышанов Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна депутат болуп келсе, Дүйшенбиев мандатын тапшырган Кундузбек Сулаймановдун ордуна депутат болуп келди.

