18:10
USD 87.45
EUR 103.05
RUB 1.14

«Кыргызфильм» улуттук киностудиясы сценарийлер сынагын жарыяланды

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында кыска жана толук метраждуу көркөм тасмалар, ошондой эле илимий-популярдуу жана даректүү тасмалар үчүн ачык сценарийлер сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:

  • дебюттук тасмалар;
  • арт-хаус (автордук) тасмалар;
  • тарыхый тасмалар;
  • биргелешкен долбоорлор.

Кыргызстанда катталган юридикалык жактар ​​(продюсердик студиялар, чыгармачыл бирикмелер жана башкалар) катыша алышат. Кыргыз тилиндеги жана «америкалык» форматтагы сценарийлер гана каралат.

Сценарийлер он критерий боюнча бааланат: концепциянын оригиналдуулугу, сюжеттин түзүлүшү, каармандардын өнүгүшү, көркөм сапат, тилдик нормаларды сактоо жана автордун индивидуалдуулугу.

Сынак 17-июлга чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар