13:28
USD 87.45
EUR 103.28
RUB 1.14

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу көбөйгөнүн айтты

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунун көбөйгөнүн жарыялады. Бул тууралуу Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен төрт блок жаңыртылды.

«Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу мурда 1200 метр куб болсо, азыр ал 1440 метр кубга чейин көбөйтүлдү. Бул ар бир блок кошумча 60 метр куб алганын билдирет», — деп белгиледи Таалайбек Ибраев.

Ал АӨБдөн үнөмдөлгөн каражаттар Үч-Коргон ГЭСинде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшалып жатканын кошумчалады.

«Биз жылдын аягына чейин эки агрегатты оңдоону аяктайбыз. Бул дагы 18 метр куб электр энергиясын кошот, төрт агрегат боюнча жалпысынан 36 метр куб электр энергиясын түзөт», — деп кошумчалады Таалайбек Ибраев.

Эң көп окулган жаңылыктар