Министрлер кабинети 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна ылайык жаныбарларды жана алардан алынган азыктарды идентификациялоого байланыштуу өзгөртүүлөрдү бекитти. Жаңыртуулар жоболорду мыйзамга ылайыкташтырууга жана малды визуалдык идентификациялоо жол-жобосун тактоого багытталган.
Документке ылайык, бодо малды, жылкыларды, эшектерди жана качырларды идентификациялоодо микрочиптерди гана эмес, кошумча «i» деп аталган белгини да колдонууга уруксат берилет. Бул белги суюк азотту колдонуп, жаныбардын сол жагына: санга же жаактын ылдыйкы жагына коюлат.
Бул белгилөө мурунтан эле аныкталган жаныбарларды визуалдык түрдө идентификациялоону жөнөкөйлөштүрүү жана сатуу же алмаштыруу учурунда коркунучун азайтуу үчүн арналган.
Жобо он күндөн кийин күчүнө кирет.

