Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов("Кучук" каймана аты менен белгилүү) 15-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечим Кыргызстандын Аскер прокуратурасынын өтүнүчү боюнча кабыл алынганын Биринчи май соту билдирди.
Маалыматка ылайык, Айбек Ташматовго Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлду.
ЖМКдагы алдын ала маалыматтарга караганда, бул ишке чет элдик жарандын катышы бар. Сөз Lexus 570 унаасы жана 50 миң доллар боюнча болушу мүмкүн. Бул маалымат азырынча укук коргоо органдары тарабынан расмий түрдө тастыктала элек.

