Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окуучулардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кабар түшөрү менен жерине укук коргоо кызматкерлери барып, чыр-чатакты токтоткон. Мушташка катышкан айрым окуучулар «Тез жардам» кызматы менен ооруканаларга текшерүүгө жеткирилген.
Ал эми айрымдары ата-энелери менен биргеликте тергөөгө камсыздалды.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

