Бүгүн саат 12:10 чамасында Бишкек — Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки жерине кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек — Ош жолу бардык унаалар үчүн Сосновка жана Арал өткөрмө постторунан убактылуу жабылды.
Алдын ала маалымат боюнча, жолго түшкөн кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзөт.
Жолду тазалоо иштерин № 23 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери активдүү уланууда.
Кошумча маалыматтар берилет.

