Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн унаа жолдорунда кар көчкү түшүү кооптуулугуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 16-февралдан 18-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кооптуу тилкелердин тизмеси:
- Бишкек — Ош унаа жолу: Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
- Суусамыр — Талас — Тараз: Өтмөк ашуусу;
- Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу: 55-115 чакырымдары;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя: Чапчыма ашуусу;
- Красная-Горка — Акташ: 0-3 чакырымдары;
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык: 97-98 чакырымдары;
- Бишкек — Нарын — Торугарт: Долон ашуусу;
- Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад: Көк-Арт ашуусу;
- Каракол — Эңилчек: Чоң-Ашуу ашуусу;
- Арал — Миң-Куш жана Арал — Суусамыр 8-21 км тилкелери.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

