Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматынан кетүү чечимин кабыл алганын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал бул кызматка 2022-жылы дайындалган жана ушул убакка чейин иштеп келди. Ал эми бул жеке чечими болуп саналат жана ага эч кандай басым-кысым көрсөтүлгөн эмес.
«Бул менин жеке чечимим. Мага эч кандай басым-кысым көрсөтүлгөн жок. Мен Кыргызстанда эле болом. Эч жакка кетпейм, араңыздарда иштей берем. Бизде туруктуулук болуш керек. Президент баштаган реформалар аягына чыгышы зарыл. Андыктан мен мамлекетчилдик менен ушундай чечим кабыл алдым», — деди ал.

