12:05
USD 87.45
EUR 103.13
RUB 1.14

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Түркияга расмий сапары менен барат

9-11-февраль күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий сапары менен барат. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийинки алгачкы расмий сапарын Түркиядан баштаган Нурланбек Тургунбек уулу боордош өлкөдө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Анын ичинен Улуу Улуттук жыйындын төрагасы Нуман Куртулмуш менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, алакаларды арттыруу багытында пикир алмашат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. Нурланбек Тургунбек уулу расмий сапары менен барат

Эскерте кетсек, өткөн жылдын апрель айында Нуман Куртулмуш дагы Кыргызстанга расмий сапар менен келип, Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Ал эми Түркияга Нурланбек Тургунбек уулун депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Элдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Элвира Сурабалдиева коштоп барат.

Эң көп окулган жаңылыктар