13:34
USD 87.45
EUR 104.39
RUB 1.16

Камчыбек Ташиев Нарындагы ооруканаларга 20 жаңы кызматтык унаа тапшырды

Нарын облусундагы жергиликтүү медициналык ооруканаларга жыйырма жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилерине ачкычтарды тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Камчыбек Ташиев унааларды тапшырып жатып медицина тармагы өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин белгилеп, элдин саламаттыгы чың болсо, өлкөнүн келечеги бекем болоорун айтты.

«Саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Анткени жарандарыбыз, элибиз муктаж болгон эң негизги тармактардын бири болуп саналат. Бүгүн мына Нарын облусундагы медициналык мекемелердин автоунаага болгон муктаждыктарын жоюп, аларга керектүү унааларды белек кылып берип жатабыз. Ар бир унаа эл үчүн, алардын саламаттыгы үчүн кызмат кылышы керек! Калктын ден соолугу башкы орунда», — деди ал.

Белгилей кетсек, унаалар облустук жана райондук ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Облустук медициналык мекемелерде буга чейин кызматтык унаалардын жетишсиздиги күч болуп, калкка тез жана ыкчам жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктар болуп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар