Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан үч кабаттуу жатаканада өрт чыкты. Өрт саат 10:20га чейин толугу менен өчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт болгон жерден 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон жалпы 38 адам эвакуацияланды.
Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби аныкталууда.

