Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов россиялык журналист Владимир Соловьевдун айткандарына карата комментарий берди.
Ал белгилегендей, муну ара чолодо айтылган сандырак сөздөрүнүн бири деп эле кабыл алыш керек.
«Урматтуу кесиптештер, мага бир катар редакциянын кабарчылары байланышып: «Россиялык журналист Владимир Соловьевдун айткандарына карата бийликтен расмий билдирүү болобу?», -деп кайрылышууда. Ошого байланыштуу жалпы жооп берип коюуну туура көрдүм.
Муну россиялык журналист — алып баруучунун ондогон сааттап ар кайсыл темада сүйлөгөн эфиринин жүрүшүндөгү ара чолодо айтылган сандырак сөздөрүнүн бири деп эле кабыл алыш керек.
Ал эми жооп берүү маселеси боюнча Соловьев журналист же алып баруучу болгондуктан, ага өз деңгээлинде журналисттер же башкалар жооп берип атышат.
Эгер мындай ойду депутаты же министри айта турган болсо бир жөн. Ошого жараша биздин депутаттар же министрлер жооп бермек.
Депутаттарыбыздын бири Соловьевду «Персона нон грата» жарыялайлы дегенин окудум. Эми анын өзүнүн тийиштүү жол-жобосу бар. Карап көрүшөөр.
Бул жерде эң маанилүүсү, өзүңүздөр көрүп эле жатасыздар да, Россия менен бизде, бизде эле эмес Борбор Азия мамлекеттеринде эки жана көп тараптуу алака эң жогорку деңгээлде жолго коюлган.
Эки тараптуу ар кыл деңгээлдеги визиттерди, ошол эле КМШ, ЕАЭБ, ШКУ өңдүү уюмдардын алкагында өз ара кызматташтыктарды белгилесек болот.
Андыктан анын ар кандай божомолдору суу кечпейт деп ойлойм.
Бирок, Владимир Соловьев мамлекеттик телеканалда эмгектенгендигин жана анын элдер ортосундагы мамилени козутуучу түшүнүксүз билдирүүлөрү достук мамиледеги мамлекеттердин жарандарында кеминде түшүнбөстүктөрдү, айрым учурда ага карата кескин чараларды көрүүнү талап кылып жатканын эске алуу менен, Соловьевдун жетекчилиги аны тартипке салат деп ишенебиз», — деп жазды ал.
Эске сала кетсек, теле алып баруучу Владимир Соловьевдин билдирүүлөрү чуулгандуу окуяга себеп болгон. Ал бир нече күн мурун өзүнүн берүүлөрүнүн биринде Орусия Венесуэладагы АКШ сыяктуу эле «эл аралык укукту этибарга албай», Армениянын жана Борбор Азия республикаларынын ички иштерине күч колдонуп кийлигишип, алардын Орусиянын «таасир аймагынан» чыгып кетишине жол бербеши керек деген пикирин билдирген.
Армениянын Тышкы иштер министрлиги мындай билдирүүлөр Москва менен Еревандын ортосундагы достук мамилелерге туура келбей турганын билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аны персона нон грата деп жарыялоону сунуштады.

