11:42
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

Дүйнөлүк банк: «Кыргызстандын экономикасы 2026-жылы 6,5 пайызга өсөт»

Кыргыстандын экономикасы 2026-жылы ички суроо-талаптын, инвестициялардын жана мамлекеттик чыгымдардын эсебинен өсө берет. Бул божомолду Дүйнөлүк банк тобунун улук экономисти Бакыт Дубашов жарыялады.

Анын айтымында, ички экономикалык стимул өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчү болот. Тактап айтканда, жеке керектөө, инвестициялардын өсүшү жана мамлекеттик чыгымдардын кеңейиши күтүлүүдө.

«Биздин божомолдор экономикалык активдүүлүк ички факторлор менен колдоого алынат деген пикирге негизделген. Реалдуу сектордо өсүш өнөр жай, курулуш жана тейлөө тармагы менен шартталат», — деп белгиледи Бакыт Дубашов.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандын экономикалык өсүш темпи 2026-жылы болжол менен 6,5 пайызга жетиши мүмкүн. Бул экономикалык оң динамика уланып жатканын көрсөтүп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар