Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлор кеңеши микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржы рыногун өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 120 миллион доллар бөлүүнү жактырды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын сайтында айтылат.
Азия инфраструктуралык инвестиция банкы дагы 50 миллион доллар насыя бере турганы такталган. Жалпы каржылоо 170 миллион долларды түзөт.
Долбоор туруктуу экономикалык өсүштү колдоо жана жашыл каржылоону өнүктүрүү максатында ишке ашырылат. Дүңүнөн каржылоо аркылуу бизнестин кредиттерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, Жашыл каржылоо фондун түзүү жана Кепилдик фонд аркылуу жашыл кепилдик механизмин киргизүү пландаштырылууда.
Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Ридделлдин айтымында, долбоор микро, чакан жана орто ишканаларга, ошондой эле каржы институттарына түз колдоо көрсөтөт. Бул өз кезегинде экономиканын туруктуу өсүшүнө жана миңдеген жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт.
Жашыл кепилдик механизми банктардын кредиттик тобокелдиктерин азайтат жана энергетикалык натыйжалуулукту жана кайра жаралуучу энергия долбоорлорун ишке ашыруучу ишканаларды каржылоого түрткү берет.