Бишкек шаарынын мэри Насыйкат Баймырзаеванын операциясы үчүн жетишпеген каражатты жабууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу мэр Айбек Джунушалиев Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Насыйкат Баймырзаевага колдоо ирээтинде уюштурулган кайрымдуулук концертинде айтты.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө калаа башчысы жаш таланттын эмгекчилдигин, максаткерлигин жана өнөрүн белгилеп, анын эки көзүнө роговицаны трансплантациялоо операциясын жасатуу үчүн кайрадан каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Жаңы жыл алдында өлкөнүн башкы балатысынын жандыруу аземинде мэр Айбек Джунушалиев Насыйкат Баймырзаевага мэриянын резервдик фондунан акчалай сертификат тапшырган.
Насыйкат Баймырзаева № 5 искусство мектебинде, азиз жана начар көргөн балдар үчүн интернатта окуйт. Ал бир катар эл аралык конкурстардын катышуучусу жана жеңүүчүсү болуп саналат.

