18:52
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.09

Мамлекеттик колдоо: Айыл чарба тармагына 12 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү

2025-жылдан тартып дыйкан-фермерлерди, кайра иштетүү ишканаларды жана жеке ишкерлерди колдоо жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда 2 гана мамлекеттик программа аркылуу каражат берилсе, быйыл 5 мамлекеттик программа (Айыл чарбасын каржылоо, КАПК, ФОТП, Асыл тукум жана Үрөнчүлүк боюнча долбоорлор) аркылуу жеңилдетилген насыялар сунушталууда.

2025-жылга каралган 12 млрд 242 млн сомдун ичинен 11 млрд 369 млн сом өздөштүрүлүп, каржылоонун аткарылышы 92,8 пайызды түздү. Айрыкча «Айыл чарбасын каржылоо-13» программасы 100 пайыз, ал эми «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» программасы 166 пайыз деңгээлде аткарылды.

Мындан тышкары, Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 12 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 9 млрд 707 млн сомдун 6 млрд 502 млн сому өздөштүрүлдү (67%). Капиталдык салымдар боюнча да оң динамика байкалып, өздөштүрүү 64,6 пайызга жетти.

Министрлик алдыга койгон 5 артыкчылыктуу багыт боюнча жетишилген бул натыйжалар өлкөнүн агрардык сектору ишенимдүү өнүгүү жолунда экенин айгинелей тургандыгын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар