Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясынын расмий ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы энергетика секторунда гидроэлектр станцияларынан сырткары, альтернативдүү булак катары күндөн, шамалдан электр кубатын өндүрүү биздин стратегиялык максаттарыбыздын бири болуп калгандыгын белгиледи.
«Анын алгачкы мисалы катары бүгүн Кемин жергесинде күн электр станциясын ишке берүүнүн алдында турабыз. Бул саамалык — биз үчүн абдан сонун жаңылык, тарыхый күн. Эми биз чакан ГЭСтерди куруудан сырткары, жаңы электр булагы катары күн электр станциясынан да электр кубатын ала баштайбыз», -деди президент.
Президент иш-аракеттерибиздин фонунда күн энергиясы боюнча алгачкы долбоор — бүгүнкү кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Күн электр станциясынын курулушу, албетте, өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.
«Этернал Энергия» компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун инвестициясы 56 миллион АКШ долларын түзөт.Бул долбоор эгемен Кыргызстандын тарыхындагы күн энергетикасына салынган эң ири жеке инвестициялардын бири болуп саналат.
Күн электр станциясы аркылуу электр энергиясын өндүрүүнүн жылдык көлөмү болжол менен 210 миллион киловатт саатка жетет.
«Бүгүнкү күн электр станциясынын ачылышы — өлкөбүздүн энергетикалык стратегиясындагы жаңы барак.Туруктуу, таза жана коопсуз энергия булактарына өтүү Кыргызстанды өнүккөн, заманбап мамлекетке айлантууга карай ишенимдүү кадам болуп саналат.Бул сыяктуу долбоорлор өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдап эле тим болбостон, аймактарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, экономикабыздын өсүшүнө түздөн-түз салым кошот. Бүгүнкү иш-чарадан пайдаланып, мындай чоң эмгектин артында турган бардык адистерге, инвесторлорго, куруучуларга жана башка салым кошкон адамдарга терең ыраазычылык билдире кетейин», -деп кошумчалады президент

