16:40
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Жакынкы жылдары чек аранын 420 чакырымы зым менен тосулат

Алдыдагы жылдары коңшу өлкөлөр менен чек аранын 420 чакырымына тикенек зым орнотулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөр менен чек аранын 150 чакырымы зым жана башка инженердик тосмолор менен белгиленген.

«Акыркы эки жылда чек ара аймагында жаңы айылдар пайда болуп, жүздөгөн үйлөр курулду. Акыркы жылдары Кыргызстан коңшулары менен жакшы мамиле түздү. Эл аралык байкоочулар белгилегендей, 2025-жыл чоң жетишкендик болду. Түбөлүк достук келишимдерине кол коюлду. Жакында үч президенттин жетишкендиктери бааланып, алар Тынчтык жогорку сыйлыктарга ээ болушту», — деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар