17:06
USD 87.45
EUR 102.48
RUB 1.10

Кызыл-Кыяда эгиздер төрөлдү: Президенттин ыйгарым өкүлү жаңы төрөт үйүнө барды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эгиздер төрөлдү. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов үй-бүлөнү кубанычтуу окуя менен куттуктады.

Ал республикалык бюджеттин каражаттарына толугу менен оңдолгон Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүнө барды. Мекеме 70 орунга ылайыкташтырылган жана энелердин жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугу үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат.

Облус башчысы Айбек Шаменов жаңыланган Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүнөн кабар алып, сапарынын алкагында 17-декабрда эгиз уулдарын көз жарган Махбубахан Кулдашеваны куттуктап, белектерин тапшырды. Облус башчысы балдарга узун өмүр, кең келечек каалады.

Учурда эне жана балдардын саламаттыгы жакшы экендиги айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар