Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын ичинде:
- Бишкек шаарында — 8;
- Чүй облусунда — 3;
- Жалал-Абад облусунда — 1;
- Баткен облусунда — 1;
- Ош облусунда — 4;
- Талас облусунда — 2;
- Ысык-Көл облусунда — 3.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 27 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.

