Президенттин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору болуп Азамат Жапаров дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Азамат Жапаров 1989-жылы 15-апрелде туулган. Исхак Раззаков атындагы КМТУну жана Касым Тыныстанов атындагы ИМУну аяктаган.
Ал 2021-жылдын мартында «Инфоком» мекемесинин директорунун административдик маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган. 2024-жылы «Кызмат» мекемеси кайрадан түзүлгөндөн кийин директордун биринчи орун басары кызмат ордунда ишин уланткан.

