Кыргызстанда 1-декабрдан 7-декабрга чейин 23 миң 254 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тиешелүү документтерсиз унаа айдоо боюнча 1733 учур;
- Мас абалында унаа айдоо боюнча 281 учур;
- Айнектерди мыйзамсыз караңгылатууга байланыштуу 187 эреже бузуу;
- Жөө жүргүнчүлөр тарабынан 109 эреже бузуу;
- Унааларды эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 3236 учур;
- Бейбаштык боюнча 24 учур;
- Ылдамдыкты жогорулатуу боюнча 4148 учур;
- Жасалма номерлер менен унаа айдоо боюнча 12 учур;
- Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу боюнча 9591 учур.
- Ар кандай эреже бузуулар үчүн жалпысынан 3033 унаа айып пулга коюлган.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, жол коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын эскертти.

