Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө чоң дарак унаанын үстүнө кулап түшкөнүн күбөлөр 24.kg басылмасына видео жөнөтүшкөн.
Окуя болгон жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иштеп жатат.
Жабыркагандар жана дарактын кулашынын себеби тууралуу маалымат жок. Окуянын чоо-жайы такталууда.

