03:46
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кубанычтын көз жаштары. «Алтын топ» сыйлыгын алган Усман Дембеле ыйлап жиберди

«Пари Сен-Жермен» жана Франция курама командасынын чабуулчусу Усман Дембеле 2025-жылдагы «Алтын топту» алгандан кийин ыйлап жиберди. Салтанат Париждеги Шатль театрында өтүп, француз футболчусу апасына кайрылып жатып көзүнө жаш алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Футболчусу апасына кайрылып жатып көзүнө жаш алды.
«Мен апама ырахмат айткым келет. Сиз ар дайым менин жанымда болдуңуз, апа», — деди Дембеле сахнадан. Иш-чарага анын апасы Фатимата Дембеле да катышып, уулунун кубанычын тең бөлүштү.

2025-жылдагы «Алтын топту» жеңип алды. ПСЖнын чабуулчусу 2024/25-жылкы сезонду мыкты өткөрүп, Луис Энрикенин командасынын негизги оюнчусу болуп, командасы Чемпиондор Лигасын, Лига 1ди жана Франция Кубогун утуп алууга жардам берген.

Эң көп окулган жаңылыктар