18:29
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда дарбыз менен коондун импортуна фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

Калктын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу жана химиялык заттардын жол берилгис өлчөмүн камтыган азыктарды ташып келүүгө жол бербөө максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек араларында жашылча-жемиштерди, анын ичинде дарбыз жана коонду ташып келүүгө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай чара коңшу өлкөлөрдөн келген коон-дарбыздардын мезгилине жана бул азыктардагы агрохимикаттардын уруксат берилген чегинен ашып кетүү коркунучунун күчөшүнө байланыштуу болууда.

Нитраттардын суткалык көлөмүнүн 70-90 пайызы адамдын организмине жашылча-жемиштер менен кирерин эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган эң көп нитраттык жүктү берген жашылчалардын түрлөрүнө (картошка, коондор) өзгөчө көңүл бурат.

Мекеме фитосанитардык талаптарга жооп бербеген өсүмдүк продукциясын ташып келүү товардын кечиктирилишине, кайра кайтарылышына же жок кылынышына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Эң көп окулган жаңылыктар