09:36
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Чүй районундагы чарбада чыккан өрттүн кесепетинен 18 баш бука күйүп кетти

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мал чарба фермасында ири өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, сарайга байланган 18 баш бука, ошондой эле 500 чарчы метр сарай жана 2 миң түк чөп күйгөн. Он беш бука аман калган.

Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бригадасы тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар