22:49
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Жогорку Кеңеш жаңы ыкма менен шайланат. Президент мыйзамга кол койду

Кыргызстан партиялык системадан баш тартып, эми Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы схема менен шайланат. Президент Садыр Жапаров «КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР конституциялык мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Негизги өзгөртүү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасы толугу менен өзгөртүлдү. Аларды шайлоо үчүн республикада көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринде үчтөн эл депутаттары шайланат, алардын бири аял.

Бул мыйзамдын максаты Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат.

Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында тиешелүү шайлоо округдарынан чыгып кеткендердин ордуна көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлбөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар