06:02
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Акыйкатчы «Эне үйү» энелерди жана балдарды колдоо ресурстук борборуна барды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева «Эне үйү» энелерди жана балдарды колдоо ресурстук борборуна барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчы борбордун шарттары менен таанышып, ал жерде балдары менен бирге жашап жаткан энелер менен баарлашты.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы Институту зарыл учурда аялдарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Акыйкатчы мындай борборлордун ачылышы аялдар жана балдар үчүн системалуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүү кадамы экенин жана социалдык жетим балдардын пайда болушунун алдын алууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Канча оор абал болбосун, эне менен бала бирге болушу керек. «Эне үйү» сыяктуу борборлордун ачылышы абдан маанилүү. Алар энелерге убактылуу баш калкалоочу жай берип, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына кайрылууга, кырдаалды баалап, өзүн жана баласын ойлоп туура чечим кабыл алууга шарт түзөт», — деди Акыйкатчы.

Акыйкатчы барган маалда, борбордо эки эне ымыркайлары балдары менен жашап жаткан. «Эне Үйүнүн» аймактык өкүлү Назгүл Турдубекованын айтымында, борбор ачылгандан кийинки биринчи жумада эле 25 арыз түшкөн.

Борбор жаңы төрөлгөн ымыркайы бар аялдарды кабыл алат. Эне жана бала бул жерде бир жылга чейин жашай алышат. Аларга турак жай менен бирге психологиялык жана укуктук жардам, документтерин калыбына келтирүү, ишке орношуу жана социалдык адаптация боюнча жардам көрсөтүлөт.

Борбордун негизги максаты — баланы энеси менен бирге болуусуна шарт түзүү, балдар үйүнө жана интернаттарга түшкөн балдардын санын кыскартуу.

Бул борбор эл аралык жеке фонд Mothers Home International Foundation (MHIF) тарабынан колдоого алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар