06:57
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Он жыл психиатриялык ооруканада жаткан жаран дарыланууга которулду

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин 10 жылдан ашык психиатриялык оорукананын соттук-экспертиза бөлүмүндө жаткан жаран дарыланууга которулду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маселе Республикалык психиатриялык оорукананын башкы дарыгери Н.Тешебаева тарабынан көтөрүлгөн. Ал Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы ооруканада 1973-жылы туулган, Базар-Коргон районунун Чкалов айылынан келген Ж.А. аттуу жаран 2014-жылдан бери соттук-экспертиза бөлүмүндө эч кандай дарыланбай, жөн гана кармалып турганын билдирип, бейтаптын укуктарын калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылган.

Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы
Фото Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы
Белгилүү болгондой, Ж.Ага карата 2014-жылы эки кылмыш иши козголгон:

Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер)

Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери (Эки же андан көп адамдын өмүрүнө кол салуу аракети).

Тергөө учурунда Ж.А.нын акыл-эси ордунда эмес экендиги аныкталгандыктан, ал психиатриялык ооруканага жайгаштырылган.

Ал эми, 2014-жылдын 26-февралында Базар-Коргон райондук соту биринчи ишти (130-берене) убактылуу токтотуп, экинчи ишти (28-97-беренелер) өндүрүштөн кыскарткан.

Натыйжада Ж.А.нын укуктук макамы так аныкталбай калган жана ал мажбурлап дарылоо бөлүмүнө (№ 5 бөлүм) которула албай келген. Анткени № 5 бөлүмгө кылмыш иши толук жабылып, сот тарабынан мажбурлап дарылоого жиберилген бейтаптар гана кабыл алынат.

Ж.А. жайгаштырылган № 7 бөлүм убактылуу тергөө же экспертиза учурунда шектүүлөрдү кармоого арналган жана бул жерде психотроптук дарылар берилбейт, толук дарылоо жүргүзүлбөйт.

Мындан улам, Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага кайрылып, кылмыш ишинин кыскартылышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү жана Ж.А.нын укуктук макамын аныктап, аны дарылоого жиберүү маселесин карап чыгууну сунуштаган.

Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында, 2025-жылдын 11-апрелинен тарта Ж.А. тиешелүү № 5 бөлүмгө которулуп, дарылоо башталды. Оорукананын башкы дарыгеринин маалыматына ылайык, ал учурда катуу кайтаруудагы бөлүмдө дарыланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар