USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Алгачкы жүк ташуу. Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай-Монголия транспорт коридору ачылды

13:14, 05 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын Транспорт министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасынын демилгеси менен Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай — Монголия багыты боюнча алгачкы пилоттук жүк ташуу ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Аталган транспорт коридору жүк ташууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Өзбекстандын ишкерлерине продукцияларын жаңы рынокторго чыгарууга шарт түзөт. Катышуучу өлкөлөрдүн координацияланган аракеттери аркылуу логистикалык байланыштар кеңейип, жүктөрдү жеткирүү мөөнөттөрү кыскартылары күтүлүүдө.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул багыт экспорттук жана импорттук агымдарды көбөйтүп, регионалдык жана эл аралык деңгээлде соода байланыштарын чыңдоого өбөлгө болот.

Адистердин айтымында, дүйнөлүк логистикада өзгөрүүлөр жүрүп жаткан шартта мындай багыттар жергиликтүү жүк ташуучулар үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, алардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн арттырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика